Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Кант диабети менен ооругандар үчүн бала бакча ачылат


Бүгүн Бишкекте кант диабети менен ооруган балдар үчүн атайын бала бакча ачылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда алгачкы ирет ачылып жаткан бала бакчага 30дан ашык бала тарбияланса болот. Анда бул дарттан жабыркагандар үчүн атайын шарттар түзүлгөн. Бала бакча Кыргызстандагы диабет жана эндрокринологиялык ассоциация, “Диабетсиз балалык” коомдук бирикмеси жана жеке демөөрчүлөрдүн көмөгү менен ачылууда.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында кант диабети эң көп адам каза тапкан оорулардын катарында. Анын кесепетинен дүйнөдө ар бир 10 секунд сайын 1 адам каза болот. Кыргызстанда бул дарттан жабыркаган 32 миңден ашык адам бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG