Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Ооганстан: Грузия аскер базасын жабат


Акыркы кол салуулардан 10 аскер кызматкери каза тапкан соң Грузия Ооганстандагы эки аскер базасын жабуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу Коргоо министри Ираклий Алаксания шаршембиде билдирди. Анын айтымында, Ооганстандагы антитеррордук операцияга катышып жаткан грузин аскерлеринин саны кыскарбайт. Бирок алар жайгашкан базаларды жабуу боюнча чечим НАТОнун командачылыгы менен кеңешип, андан соң кабыл алынганын Алаксания кошумчалады.

Өткөн аптада Гильмент аймагында жардыруудан 7 грузин аскери каза тапкан. Ага чейин ушул эле аймактагы жардыруудан дагы үчөө курман болгон. Ооганстандагы антитеррордук операцияларга жалпысынан 1540тан ашык грузин аскерлери катышууда.

XS
SM
MD
LG