Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Аба ырайы: чукул кабар


Кыргызстанда 13-14-июнь күндөрү жаан-чачындан улам тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү, суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

14-июнда Чүй, Ысык-Кол жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, калган облустардын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурларда 14, ал эми Ысык-Кол ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10... +15, күндүз +21... +26 градус, Талас облусунда түнкүсүн +9… +14, күндүз +21…+26 градус, Баткен облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14... +19, күндүз +26 ...+31 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5... +10, күндүз +18... +23 градус, Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +20... +25 градус болот.

Бишкекте 14-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14 градус, күндүз +24…+26 градус болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG