Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Кыргыз-тажик чегинде жол ачыла элек


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, Тажикстандын Чорку айылын Шороп шаары менен байланыштырган жол ачыла элек. Бул жол Баткендин Паскы-Арык, Самаркандек айылдарын аралап өтөт. Учурда абал тынч, чогулган адамдар жок.

12-июнда кечке жуук Баткендин Самаркандек айыл өкмөтүндөгү Паскы-Арык айылы менен Тажикстандын Сурх айылынын чегинде турган кыргыз чек арачысы Тажикстанга таандык автоунааны токтотуп, мыйзам чегинде текшерүүгө алмакчы болот. Бирок айдоочу токтобой чек арачыны сүзүп, бир канча жерге сүйрөп кеткен. Бул окуяга жаалданган Самаркандек жана Паскы-Арык айылдарынын тургундары ошол эле күнү кечинде жолду бууп салган. Жапа чеккен чек арачы азыр облустук ооруканада, абалы канааттандырарлык.

Андан кийин эки өлкөнүн чек арачылары жолугуп, кыргыз тарап тажик кесиптештеринен окуяга күнөөлүүнү аныктап, жазага тартууну талап кылган. Тажик тарап көп өтпөй кыргыз чек арачысын сүзгөн жараны кармалганын билдирген. (КЕ/JsA)

XS
SM
MD
LG