Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Обама менен Путин Сириядагы согушту токтотуу боюнча мунасага келе алышпады


АКШ президенти Барак Обама жана Орусия президенти Владимир Путин Сирия кризисин талкуулашты. Сүйлөшүү Чоң сегиздин Түндүк Ирландиядагы саммитинен тыш убакта өттү. Путин эки өлкө Сириядагы кандуу булоонду токтотуу боюнча мунасага келе албаганын, бирок согушкан тараптарды сүйлөштүрүүнү каалашканын билдирди. Обама Путиндин сөзүн кубаттап, Вашингтон жана Москва Сирияда химиялык курал колдонулбасына ишенимде болууну каалашат деди:

-Ырас, биздин көз караштарыбыз дал келбеди. Бирок, баарыбызда Сириядагы булоондорду, өлүм-житимди токтотуу жана кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү, анын ичинде тараптарды Женевадагы сүйлөшүүгө отургузуу ниетибиз бар. Биз тараптарды сүйлөшүүгө түртөлү деп макулдаштык.

Обама ошондой эле Путин экөөндө байистүү саясатчы Хасан Рухани Ирандын президенти болуп шайланган соң, Тегеран менен ядролук сүйлөшүүдө жылыш болот деген үмүт жылт эткенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG