Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Баграм базасында АКШнын төрт жоокери мерт болду


Ооганстанда Баграм аскерий-аба базасында ракеталык чабуулдан АКШнын төрт жоокери өлдү. Азырынча окуянын чоо-жайы толук анык боло элек.

Баграм аэродрому өлкөнүн борборунан анча алыс эмес жерде жайгашкан жана Ооганстандагы америкалык аскерлердин ири базасы болуп саналат. Бул окуянын алдында эле расмий Вашингтон АКШ талиптер менен түз сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген болчу. Алгачкы жолугушуу Катардын борбору Дохада болгон жатат. Катарда "Талибан" кыймылы жаңы эле өз өкүлчүлүгүн ачты.

АКШ сүйлөшүүлөрдө туткундарды алмаштыруу тууралуу сөз болорун маалымдаган. Бирок сүйлөшүүнүн баштапкы этабында тараптардын бири-бирине берген талаптары иликтенмекчи. (EBM)

XS
SM
MD
LG