Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Кыргызстан Өзбекстанга нааразылык нота жолдоду


Чек арадагы адам өлүмүнө алып келген окуяга байланыштуу Кыргызстан Өзбекстанга нааразылык нота жолдоду. Нотаны бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өзбек элчиси Камил Рашидовду министрликке чакырып тапшырды. Министр өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип ушундай ишке барганына элчинин көңүлүн бурду.

Өткөн түнү кыргыз-өзбек чек арасындагы Баткендин Гүлпиян айылында өзбек чек арачылары кыргызстандык жаран, 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып салган. Күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган эки жүздөй киши бүгүн Гүлпиянга жыйылып бир жарым саат жол бууган. Маркумдун артында беш баласы жетим калды, кенжеси бир жашта. (RK)

XS
SM
MD
LG