Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Орусияда миллиардер укуктук уюмдун ижарасын төлөйт


Орусияда Жарандык платформа партиясынын жетекчиси, миллиардер Михаил Прохоров Москвадагы белгилүү укук коргоочу уюмдун кеңсеси үчүн бир жылдык ижара акысын төлөп берет. Прохоровдун партиясы бул тууралуу бүгүн билдирүү таркатты. Ага ылайык, Прохоров Москвада "Адам укуктары үчүн" уюмунун жетекчиси Лев Пономарев менен жолуккандан кийин анын 45 миң доллардык ижара акысын берүүнү чечти. Өткөн аптада полиция бул уюмдын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, кеңсени бошотууну талап кылган. Москва бийликтери шаар администрациясына караган бул кеңсенин ижара мөөнөтү аяктады деп айтууда.

XS
SM
MD
LG