Нарын шаарында жардыргыч зат ташып бараткан киши кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. 26-июнда Audi маркасындагы жеңил унаанын ичинен аммонит деп аталган жардыргыч заттан 20 килограмм, детонатор жана 122 метр зым табылган. Машинанын айдоочусу Жалал-Абад шаарынын 32 жаштагы тургуну экени аныкталды. Кылмыш иш козголуп, шектүү жаран Нарын шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. (RK)