Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

УКМК: Акундун Табалдиев тууралуу айтканы чындыкка дал келбейт


Турсунбек Акундун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бусурманкул Табалдиевдин Азиз Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар деп айтканы чындыкка дал келбейт. Мындай билдирүүнү бүгүн аталган мекеменин маалымат кызматы таратты.

"Акыйкатчынын айткандары анын өзүн калкалоосуна, акталышына багытталган", - деп айтылат бул билдирүүдө.

Кечээ акыйкатчы Турсунбек Акун парламентте сүйлөп жатып Батукаев тууралуу журналисттерге маалыматты Бусурманкул Табалдиев телефон чалгандан кийин бергенин айткан болчу.

Бир нече оор кылмыш үчүн соттолгон криминалдык чөйрөнүн "лөгү" делген Батукаев Нарындагы абактан быйыл апрелде айыккыс ооруга чалдыкты деген жүйө менен мөөнөтүнөн мурда бошоп чыгып кеткен. Бул окуя коомчулук арасында чоң резонанс жаратты. (RK)

XS
SM
MD
LG