Бул тууралуу «Азаттыкка» ИИМдин 10-башкармалыгынын бөлүм башчысы Тилек Молдакматов кабарлады. Анын айтымында, жыл башынан бери диний экстремизм-терроризм боюнча 160 факт катталган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 20га көп. Былтыр ушул маалда кармалган мындай кылмыштын саны 140тай болгон жана 130га жакын адам кармалган.
ИИМдин маалыматы боюнча жакында эле Ошто экстремисттик мазмундагы тасмаларды тараткан ири топтун мүчөлөрү кармалды. Бул топтун арасында аймактагы жергиликтүү телеканалдарда иштеген режиссер, операторлор болгон.(BkA\EBM)