Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Египет: «Мусулман агайындар» кыймылынын руханий лидери камакка алынды


Мохаммед Бади бейшембиде Мерса-Матрух шаарында камакка алынып, ошол эле күнү Каирге жеткирилгенин коопсуздук кызматтарындагы булактар кабарлады. «Мусулман агайындар» кыймылынын таасирдүү лидерлеринин бири Мохаммед Бади менен анын жардамчысы аталган кыймылдын Каирдеги кеңсесинин алдында болгон кагылышта набыт кеткен сегиз адамдын өлүмү боюнча суракка алынат.

Шаршембиде бийликтен кулатылган мурдагы президент Мухаммед Мурси үй камагында. Бейшембиде Конституциялык соттун төрагасы Адли Мансур Египеттин убактылуу президенти катары ант берди.

Бейшембинин түнүндө Мурсинин тарапкерлери менен каршылаштарынын ортосундагы кагылыштарда бери дегенде он киши набыт болуп, ондогон адамдар жарадар болду. Бүгүн Мурсинин таламын талашкан исламчылар “Баш ийбеген жума” деген иш-чараларды өткөрүүгө камынууда.

XS
SM
MD
LG