Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Пакистанда поезд менен моторикша кагылыша кетип, кеминде 12 адам өлдү


16 адамды батырган рикшанын кырсыктан кийинки көрүнүшү, 6-июль, 2013
16 адамды батырган рикшанын кырсыктан кийинки көрүнүшү, 6-июль, 2013
Набыт болгондордун ичинде эки бала да бар. Жарадар болгондор ооруканага жеткирилди. Кырсык моторикшанын айдоочусу темир жолду кесип өткөнгө аракет кылганда болгону кабарланууда. Куткаруучулардын айтымында, ал мототаксиде 16дан кем эмес адам болгон.

Катуу ылдамдыктагы поезд Карачиден Лахорго бараткан. Окуяга күбө болгондордун бири өзүн Халил деп тааныштырды: "Бул рикшага алты эле адам батат, айдоочу 16 адамды отургузуп алыптыр. Тук-тук такси поезд жолду кесип өтө албай калган. Бул жердеги белгиде: “Жолду кесип өткөндө жүргүнчүлөрдү түшүрүп, унааны өткөргөндөн кийин гана кайра отургузгула” деп жазылып турат, - дейт Халил.

XS
SM
MD
LG