Казандагы дүйнөлүк универсиаданын экинчи күнүндө бел кур күрөшү боюнча 4 кыргызстандык спортчу финалга чыкты. 100 килограмм салмактагылар арасында Нурбек Аканов жана 82 килограмм салмактагы Нурбек Кожобеков алтын медаль үчүн бүгүн финалда күрөшөт. Ушундай эле финалдык беттешүүгө коло медаль үчүн +100 килограмм категориясында Бекболсун Кушубаков, 68 килограмм салмактагы Канимет Барпыбеков өттү. Мындай маалыматты уюштуруу комитетинин өкүлү Эркинбек Абдылдаев билдирди.
6-июлдан 17-июлга чейин өтчү дүйнөлүк универсиадага кыргызстандык 98 спортчу спорттун 12 түрүнөн катышууда. (AKu)
6-июлдан 17-июлга чейин өтчү дүйнөлүк универсиадага кыргызстандык 98 спортчу спорттун 12 түрүнөн катышууда. (AKu)