Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Өнүгүү банкынын уставдык капиталы эки миллиард сомдон жогору болот


Кыргызстанда мамлекеттик Өнүгүү банкы түзүлөт. Буга байланыштуу уюштуруу маселелерин экономика министри Темир Сариев Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү менен талкуулады. Өнүгүү банкы жөнүндөгү мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Ал кыргыз экономикасынын жакшы өнүкпөй жаткан тармактарын каржылоо үчүн инвестиция берет. Эң төмөнкү уставдык капиталы 2 миллиард сомдон кем болбойт. Өнүгүү банкы кайсы жерде жайгашат, качан ачылат, аны ким каржылайт, мунун баары азыр өкмөттө талкууланып жаткан токтом менен аныкталат. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG