Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Царнаев тагылган айыпты четке какты


АКШдагы Бостон марафонундагы жардыруунун негизги айыпталуучусу Жохар Царнаев тагылган бардык айыптарды четке какты. 19 жаштагы Царнаевге өткөн жумада 30 пункттан турган айып тагылган. Алардын арасында адамдардын өмүрүн алган массалык кыргын салчу курал колдонгон деген айып да бар. Сотто Жохар Царнаев прокурордун бардык суроолоруна “күнөөсүзмүн” деп жооп берди. Эгер бул айыптарды сот далилдесе, Жохар Царнаев өмүр бою түрмөгө кесилиши же өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

15-апрелде Бостондогу марафон учурунда жардыруудан үч адам өлүп, 260тан ашык адам жаракат алган. Муну теги чечен ага-ини Тамерлан менен Жохар Царнаевдер уюштурган деп айыпталууда. Тамерлан Царнаев полициячылар менен атышууда мерт болгон. Жохар Царнаев андан кийин колго түшкөн.

XS
SM
MD
LG