Ысык-Көл облусунда маңзатка каршы уюштурулган “Мак-2013” операциясы жүрүүдө. Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунда май айында 17 миң гектар изилденип, 543 гектарында кара куурай өсүп жатканы аныкталган. Аны жок кылуу үчүн облус аймагында 56 топ түзүлгөн. Жаан жааган сайын кара куурай жайылып өсүп, атайын түзүлгөн топтор жетишсиз болуп жатканын “Азаттыка” облустук ички иштер башкармалыгынын маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Таалай Түлөбаев билдирди.
“Мак-2013” опреациясын аткарууга жалпысынан 207 миң сом каралган. (MK/RK)
“Мак-2013” опреациясын аткарууга жалпысынан 207 миң сом каралган. (MK/RK)