Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Аба ырайы: чукул эскертүү


14-16-июлда күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Аба ырайы

14-июлда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 19...24, күндүз 23...28,
Таласта түнкүсүн 17...22, күндүз 22...27,
Баткенде түнкүсүн 14...22, күндүз 22...27,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 19...24, күндүз 24...29,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12...17, күндүз 17...22,
Нарында түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,
тоолордо түнкүсүн -1...+4, күндүз 4...9 болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 21…23 градус, күндүзгү жогорку температурасы 25…27 градус жылуу болот. (BkA)

XS
SM
MD
LG