Жалал-Абад облусунун аймагында кечээ кечинде жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, 15-июлда кечки саат 9дан өткөндө Жалал-Абад шаарынан түндүк-батышты көздөй 45 чакырым, Арсланбаб айылынан 5 чакырым түштүк-батыш тарапта жер силкинди. Жер титирөөнүн күчү 2 балл болуп Арсланбаб жана Жай-Терек айылдарында сезилди. (RK)