Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Жаза аткаруу кызматын ИИМге кайтаруу маселеси талкууланат


Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын алдындагы Байкоочу кеңеш бүгүн жарандык коомдун катышуусу менен аталган кызматты ИИМге кайтаруу демилгесин талкууламакчы. Бул тууралуу Байкоочу кеңештен “Азаттыкка” маалымдашты. Маалыматта айтылгандай, акыркы убактарда бир катар депутаттар жана жарандык коом өкүлдөрү тарабынан Мамлекеттик жаза аткаруу системасын катаалдантуу маселеси арбын көтөрүлүүдө. Бүгүнкү жыйында ошондой эле өлкөдөгү жабык жайларга жарандык коом өкүлдөрүнүн кирүүсү тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын токтом долбоору да ортого салынмакчы. Бул токтом долбоору өткөн жумада коомчулукка сунушталган.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы учурда Юстиция министрлигине карайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG