Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Ноокенге Исановдун эстелиги орнотулат


Кыргызстандын биринчи өкмөт башчысы Насирдин Исановдун эстелиги өзү автокырсыкка учурап, курман болгон жерге орнотулат. Ал жер Ноокен районунун Бүргөндү айылы. Айкелди орнотууга айылдан эки жарым сотка жер ажыратылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Эмил Абдыкадыров билдирди.

Учурда айкелди жасоочу архитекторлор тандалууда. Ал үчүн каражатты облустук бийлик жумшайт. Эстелик октябр айында орнотулат.

Насирдин Исанов 1991-жылдын январында Кыргызстандын премьер-министри болуп дайындалган. Ошол жылдын ноябрында Бишкек - Ош жолунда автокырсыкта мерт кеткен. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG