Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Өзбек диаспорасынын лидеринин жасаты Өзбекстандан табылган болушу мүмкүн


Тажикстан менен Өзбекстандын чектеш жериндеги дарыядан табылган өлүк Салим Шамсиддинов болушу мүмкүндүгүн бүгүн Тажикстандын Ички иштер министрлигинин Хатлон облустук бөлүмүнүн башчысы Анвар Тагоймуродов кабарлады. Анын айтымында, өзбек бийликтери жасат апрелде табылганын кабарлашты. Бирок эмне үчүн ал тууралуу учурунда маалымат беришпегенин такташкан эмес.

Табылган өлүктүн белгилери ал Салим Шамсиддинов болушу мүмкүндүгү тууралуу кабар берери айтылууда. Аны аныкташ үчүн Шамсиддиновдун бир тууганы Өзбекстанга бара турган болду.

Диаспора лидери мартта жоголуп кеткен. Amnesty International укук коргоо уюму буга чейин Шамсиддиновдун жоголушун “саясий себептер” менен байланыштырып, ал уурдалган болушу мүмкүн экенин айткан болчу. (td)

XS
SM
MD
LG