Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:14

Кыргызстанда жыл башынан бери 172 өзгөчө кырдаал катталган


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкө аймагында ар кандай 172 өзгөчө кырдаал катталып, 8 адам каза тапты. Чукул кырдаалдардын басымдуу бөлүгүн кар жана жер көчкү, шамал, жер титирөө, бурганак, мөндүр, сел, чагылган саяктуу жаратылыш кырсыктары түзөт. Ушундай шарттарда куткаруучулар 234 адамдын өмүрүн сактап калган. Жыл башынан бери күчү алты баллга жеткен бир жер титирөө катталса, 3 баллдан жогору 17 жолу жер силкинген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG