Нарын облусун теле-радио жана телефондук байланыш менен камсыз кылган, стратегиялык мааниге ээ “Ала-Мышык” станциясынына быйыл 50 жыл болот. Учурда "Ала-Мышык" он телеканалды, тогуз радиону, беш телефон байланыш түйүнүн жана Нарын шаарынын үстүнөн учуучу аба каттамдарын тейлейт. Ретрансляциялык телекөрсөтүү станциясы деңиз деңгээлинен 3050 метр бийик Ала-Мышык чокусунда жайгашкан.
Станция 1964-жылы түзүлгөн. Алгач станцияны Вил Тюребаев деген адам баштаган топ ачкан. Кийин Тюребаев 1975-1991-жылдары байланыш министри болуп иштеген. Азыр станцияга анын аты берилген.
Нарын боюнча 4 чакан станция жана негизги "Ала-Мышык" ретрансляциялык телекөрсөтүү станциясы бар. Ал жерде 46 адам иштейт. (TSh)