Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Ооган президенти жакында Пакистанга барат


Хамид Карзайдын болжолдонуп жаткан сапарынын максаты – эки өлкөнүн байланышын күчөтүү. Жекшембиде Ооган тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жанан Музезайдын айтканы боюнча, азыр эки өлкөнүн чиновниктери бул сапардын күн тартибин аныктап жатышат. Анын айтуусунда, бул “жөн гана салтанаттуу визит эмес”, өткөн жумада Карзай Исламабадга “терроризмге каршы күрөш жана тынчтык маселеси күн тартибинин негизи болсо гана” барарын билдирген.

Расмий Кабул Пакистанды Талибанды колдойт деп айыптап келет. АКШ Пакистанды Талибан менен сүйлөшүүлөрдө чечүүчү оюнчу катары карайт, анткени Пакистан Талибан менен көптөн бери байланышта.

XS
SM
MD
LG