Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:00

Зимбабведе президенттик шайлоо өтүп жатат


Мамлекет башчылык кызматка беш талапкер ат салышууда. Негизги атаандаштар – өлкөнү 33 жылдан бери башкарып келаткан азыркы президент, 89 жаштагы Роберт Мугабе жана оппозиция колдогон премьер-министр Морган Цвангираи.

61 жаштагы Цвангираи буга чейинки президенттик шайлоолордун экөөнө катышып, утулуп калган болчу. 2008-жылкы шайлоодо биринчи турда жеңишке жеткенде ал куугунтукка жана коркутуп-үркүтүүлөргө кабылган. Ал жетектеген “Демократиялык өзгөрүүлөр үчүн” кыймылы азыркы тапта өлкөдө таза жана ачык шайлоо үчүн шарт жок деп эсептээрин айткан. Ал эми президент Мугабе жетектеген “Патриоттук фронт” шайлоодо бурмалоо болушу мүмкүн эмес деп билдирген.

Африканын шайлоолордогу байкоочулар бирикмесинин башчысы, Нигериянын мурдагы президенти Олусегун Обасанжо Зимбабведеги парламентик шайлоонун жүрүшүн Хараредеги шайлоо бекетинен көргөндөн кийин "Добуш берүү тынч, эреже менен өтүп жатат. Мен биринчи эле орунда белгилегим келгени – шайлоокана туура саат 7де ачылды. Мен элдин каалоо-мүдөөсүн көрсөтүгө олуттуу тоскоолдук жаратышы мүмкүн деп атай турган эч кандай чоң инцидент катталбады", - деди.

XS
SM
MD
LG