Бүгүн Бишкекте Курск салгылашуусунун курмандыктары эскерилет. Жаш гвардия бульварындагы Баатырлар аллеясына гүл коюлуп, митинг-реквием өтөт. Курск салгылашуусу Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы фашизмге каршы таймаштын негизги окуяларынын бири болгон. 1943-жылдын 5-июлунан 23-августуна чейин созулган салгылашууга эки миллиондой аскер, алты миң танк, төрт миңдей учак катышкан. 5-августта Орел жана Белгород шаарлары фашисттерден боштулуп, салют атылган. Бул жеңиш совет армиясы үчүн стратегиялык маниге ээ болуп, 1941-жылдын 9-майындагы Улуу Жеңишке чейин дем берип сүрөп барган. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда учурда 2 миңдей согуштун жана 8 миңден ашуун ооруктун ардагери бар. Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, алардын 155 миңден ашыгы майдандан кайтпай калган. (RK)