Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Аба десанттары кесиптик майрамын белгилөөдө


Кыргыз армиясынын элитасы деп эсептелген аба десанттары бүгүн өзүнүн кесиптик майрамын белгилеп жатат. Бишкектин четиндеги Аскердик даңк паркында салтанаттуу митинг өткөрүлүп, Кыргызстандын Аба-десант аскерлеринин 83 жылдыгы майрамдалды. Парашюттук спорт фередациясынын ондон ашуун спортчусу Коргоо министрлигинин абадан коргонуу күчтөрүнүн учкучу, полковник Акимжан Таштанов башкарган Ан-2 учагынан парашют менен секирип, көрүүчүлөргө шоу тартуулады. Ардагер десант Табылды Окошевдин "Азаттыкка" айтымында, мурдагы жылдарга салыштырганда аскердик кызматтын бул түрүнө кызыккандар соңку кезде көбөйгөнү байкалууда. Аба десанттары өлкөнүн күч жана коргоо түзүмдөрүнүн дээрлик баардыгында бар. Алар жөө жана унаа менен жете албаган жерлерге парашют менен жетип барып, аскердик жетекчилик койгон тапшырманы аткарат. (RK)

XS
SM
MD
LG