Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Талас: Көк-Сайдын тургундары президентке кайрылды


Мамлекет башчы менен катар Жогорку Кеңештин төрагасына, өкмөт башчыга, Башкы прокуратурага жана маалымат каражаттарына жазылган кайрылууда аталган комитет Көк-Сай маселесин адилет чечүүнү талап кылышкан. Кайрылуу ээлери Талас облусунун Казакстан менен чектешкен Көк-Сай айылындагы 2600 гектар жер Кыргызстандын Башкы мыйзамына ылайык чечилүүсүн талап кылышууда. Алар ошондой эле 2600 гектар жайытты казак тарапка мыйзамсыз берип, өзүм билемдик кылганы үчүн облустук бийликке жана күч кызматтарына кылмыш иши козголууга тийиш деп эсептешет. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргыз элдик революциялык комитеттин" төрагасы Шадыкан Жакыпбеков билдирди.

Талас облустук бийлиги мындай дооматтарды четке кагып келет. Бүгүн алар менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Көк-Сай айылынын тургундары 7-июлдан 18-июлга чейин Казакстандын Жамбыл облусуна кетчү сугат сууну бууп турушкан. Алар былтыр күзүндө эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери кабыл алган айылдагы 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга каршы чыгып, мурда Таласка караган жайыт жерлерди кайра алуу талабын коюшкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG