Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Анда Түп районунун ички иштер бөлүмүнө бир адамдын үйүнүн жер төлөсүнөн күч колдонуп өлтүрүлгөн белгисиз жарандын өлүгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Өлтүрүлгөн адамдын жүрөгүнө жана курсак тушуна бычак сайылганы аныкталды. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө өлтүрүлгөн адам 18 жаштагы Түп районунун тургуну экендиги аныкталган. Ал 25-июлдан бери Түп районунун ички иштер бөлүмүндө дайынсыз жоголгондор тизмесинде каттоодо турган.
Көп өтпөй адам өлтүрүүгө шектүү катары ИИБге кабарлаган үй ээсинин 16 жаштагы уулу кармалды. Ал өз күнөөсүн мойнуна алды. Учурда кармалган бала Түп районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына отурат. (MK)