Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Сейил бактагы “оюн бекети”

3-4-августта Ч.Айтматов атындагы сейил багында (Дубовый парк) “Оюн бекети” деп аталган балдарга арналган атайын иш-чара өттү. Аталган долбоорду “Аяй медиа” коомдук фонду уюштурган. Фонддун жетекчиси Жазгүл Ибраимованын айтымында, “Оюн бекети” балдардын башын бириктирип, ар кандай топтук оюндарды уюштуруу менен аларды компьютердик жана башка ар кандай зыяндуу оюндардан алыстатуу максатын көздөйт. Аталган долбоор ар жуманын ишемби, жекшемби күндөрү саат төрттөн жетиге чейин сентябрдын ортосуна чейин уланат. Алгачкы оюндарга ондон ашык ата-эне өз балдарын ойнотуп кетишти. "Оюн бекетине" каалоочулардын баары катышса болот. (Уланбек Эгизбаев)

XS
SM
MD
LG