Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Ысык-Көл: эс алуу жайларда чыккан чатак боюнча жолугушуу өтүп жатат


Жолугушуу “Радуга” эс алуу жайында өтүп жатат. Ага жергиликтүү тургундар, Ысык-Көл облустук милициясынын жетекчиси Эмил Салиев, райондук бийлик өкүлдөрү катышып жатат. Жолугушуу жабык өтүп, журналисттер киргизилген жок.

Кечээ кечке маал “Карвен 4 сезон”, “Радуга” эс алуу жайларында чуу чыккан. Окуяга күбө болгондордун айтымында, чатак пансионаттардын күзөт кызматтары эс алуу жайынын аймагына жергиликтүү элди киргизбей койгондон улам чыккан. Жаалданган адамдар пансионаттардын дарбазаларын талкалап салганы айтылууда. Окуяга Ысык-Көл райондук милициясы аралашып, чатак басылды.(BkA\MK)

XS
SM
MD
LG