Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Президент Улуттук гвардиянын командачысын кабыл алды


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Улуттук гвардиянын командачысы Асанбек Алымкожоевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. Жолугушууда алдыда боло турган Куралдуу күчтөрүн реформалоонун алкагында Улуттук гвардиянын алдында турган милдеттерди талкуулашты.

Кыргызстандын Аскердик доктринасы өткөн аптада бекитилген. Ал өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын коргоо үчүн аскердик курулуштарды, даярдыктарды жана куралдуу күчтөрдү пайдаланууда расмий кабыл алынган көз караштарды чагылдырат.

Доктрина дүйнөдө жана аймакта болуп жаткан аскердик-саясий кырдаалды эске алуу менен түзүлүп, аскер жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясат курууга, мамлекеттик бийликти, коомду жана жарандарды аскердик коопсуздукту камсыздоо жагдайын чечүүдө бирдиктүү күчтөндүрүүгө багытталган. (BkA)

XS
SM
MD
LG