Лейлектин Өзгөрүш айылына жакын тоолордо аскадан учуп каза тапкан швейцариялык туристтин сөөгү жерге түшүрүлө элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кечээ куткаруучулар тик учак менен алып түшүүгө аракет кылып, бирок аракет текке кеткен. Мындай иштер бүгүн да улантылууда.
5-август күнү Лейлектин Өзгөрүш айылына жакын тоолордо үч турист аскадан түшө албай калганы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат түшкөн. Шаршембиде аталган министрликтин куткаруучулары жана атайын даярдыктагы альпинисттер тик учак менен барып, эки турист куткарылган. Ал эми Мона Клейн аттуу турист учуп кетип, денеси аскага асылып калган.(BkA)