Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

АКШ Орусия менен алакасында тыныгуу алат


Бул тууралуу Вашингтондогу басма сөз жыйында президент Барак Обама өзү билдирди.

Тыныгуу Орусия менен АКШнын алака-катышын кайрадан баалоо үчүн зарыл экенине токтолгон Обама президенттин кызматына 2012-жылы Путин кайтканга чейин эки өлкөнүн мамилесинде прогресс болгонун белгиледи:

- Бир топ жакшы иштер жасалды жана алар улантылышы керек. Дагы бир чындык Медведев президент кезинде премьер-министр болгон Путин бийликке кайра кайткандан бери, менимче, биз Орусия тараптан АКШ менен Орусия кансыз согуш доорунда тирешкендегидей эcки стереотиптерге шайкеш келген антиамерикалык риторикага көбүрөөк күбө болуп жатабыз. Мен Путин мырзаны өзгөрмө ийгилик берген артты көздөй эмес, тескерисинче алдыга ойлонууга чакыргам.

Барак Обаманын бул сөздөрүнө чейин Ак үй АКШ президенти орус президенти менен келерки айга мерчемделген эки тараптуу жолугушуусун токтотконун жарыялаган эле. Бул жарыянын алдында Орусия АКШ чалгын агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуденге убактылуу башпаанек берген.

Обама Орусиянын Сноуден боюнча чечими эки тараптуу саммитти токтотуунун жалгыз эле себеби эместигин кошумчалады:

- Бул акыркы эпизод биз соңку айларда Сирия, адам укуктары маселесинде күбө болгон бир катар пикир келишпестиктердин бири эле. Орусия кайсы багытта жылып жатканын, биздин кызыкчылыктар эмне экенин дагы бир жолу кароо үчүн тыным алганыбыз жөндүү. Муну менен биз алака-катышыбызды иликтеп, АКШ үчүн, балким Орусия үчүн да жакшы нерселерди жасайбыз. Биз пикир келишпестиктер бар болгонун мойнубузга алабыз жана аларды жаап-жашырбайбыз.

Обама Орусиянын кумсалыкты пропагандалоого тыюу салган мыйзамын да комментарийлеп, андан улам 2014-жылдагы Сочи олимпиадасын бойкоттоону “жөндүү” деп эсептебей турганына токтолду.

Вашингтондогу басма сөз жыйында ал АКШнын ички маселелерине да кайрылып, АКШнын чалгын жана көзөмөл программалары “көбүрөөк ачык“ болушу керектигин белгиледи.

АКШнын терроризмге каршы чалгын жүргүзүү ыкмалары жана аракеттери өлкөнүн кызыкчылыктарына жана баалуулуктарына канчалык жооп берерин көз карандысыз топ иликтей турганын жарыялады.

Ал көз карандысыз топ өзүнүн баштапкы баяндамасын октябрь айында чыгарышы керек.

XS
SM
MD
LG