Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Прокурор: Навальныйдын сырт өлкөдөн акча алганы тастыкталды


Орусиянын башкы прокурору Москванын мэрлигине талапкер Алексей Навальный чет өлкөдөн каржыланганын ырастаган далилдер табылганын маалымдады.
Кремлдин элдешкис сынчысы саналган Навальныйды сырт мамлекеттерден финансылык колдоо алат деп бир апта мурда Либералдык демократиялык партиянын парламенттик фракциясы жарыялаган эле. Навальныйдын шайлоо штабынын башчысы Леонид Волков бүгүн жасаган билдирүүсүндө саясий өнөктүк үчүн “чет элдиктерден бир да сары чака алышпаганын” айтты.

Навальный өткөн аптада өз блогуна Москванын мэри Сергей Собяниндин секелек кызы борбордогу 5 млн. 300 миң долларлык үйдө жашарын жазган. Собяниндин маалымат катчысынын билдиришинче, квартира Собянинге 2006-жылы президенттик администрация тарабынан берилип, кийин менчиктештирилген экен.

XS
SM
MD
LG