Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Кашмирде үч күндөн бери ок атышуулар уланууда


Бүгүн таңга жуук Кашмир аймагындагы “Контролдук тилкеде” Пакистан жана Индия армиясы кайра аткылашты. Чек аранын эки тарабынан тең ок атылганын “Азаттык” радиосунун региондогу кабарчысы билдирди. Маалыматка караганда, Кашмирдин Пакистан башкарган бөлүгүндө бир нече адам өлгөн жана жергиликтүү калк коопсуз жакка шашылыш көчүрүлгөн. Расмий Исламабад Индияны жекшемби күнү туш келди аткылоолорду баштады деп айыптады. Индия тарап Пакистан армиясынын артиллериялык аткылоосуна жооп кайтардык деп актанды. Тирешүү 6-августта индиялык беш жоокер Пакистан аскерлеринин буктурмасына кабылып жайран болгондон кийин башталган. Бул аткылашуулар мусулман калктуу аймактагы кырдаалды бейстабилдештирет деген кооптонуулар айтылууда.

XS
SM
MD
LG