Жабыркаган журналист МАИчилерге нааразы
10-августта Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылган беш журналисттин бири - “Де-факто” гезитинин кабарчысы Жакшылык Бердибек уулу учурда Бишкектеги Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүндө дарыланууда. Ага дарыгерлер “баш мээси чайкалган” деген диагноз койду. Журналист мындай кырсыктарга жол кыймылын көзөмөлдөчү МАИ кызматкерлеринин шалаакылыгы себеп деген ойдо. Кырсыктаган кесиптешибизден кабарчыбыз Улан Эгизбаев кабар алып келди.