Кечээ кечинде Кызыл Аянтта Орусия социалисттик кыймылынын 40 чакты мүчөсү пикетке чыкты. “Жарандык колдоо” комитетинин активисттери Страстной бульварга чогулушту. Ушундай эле мигранттардын укугун коргогон акциялар Петербург шаарында да өттү.
Кечээ Москва жана Подмосковьеден полиция 500дөн ашуун келгинди кармаган, Волгограддагы базардан 220 чамалуу мигрант кармалды. Москванын Матвеевск базарындагы полицияга кол салуудан кийин атайын жүргүзүлгөн рейддердин натыйжасында Москванын өзүндө эле миңден ашуун мигрант кармалган, алар үчүн Гольяноводо атайын чатыр лагер ачылган. Лагерде 500 чамалуу келгин мекенине депортациялануусун күтүп жатышат. Укук коргоочулар бийликтин бул саясатын айыпташууда.