Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:25

Иран армиясы Индия танкерин камакка алды


Ирандын революциячыл гвардиясы Ирактан кара май тартып бараткан Индиянын кемесини камакка алды.

"The Times of India" гезитинин жазышынча, мунай ташуучу MT Desh Shanti танкерин Ирандык согуштук кемеси эл аралык сууларда токтотуп, шаршемби күнү кечке жуук Бандар Аббас портуна алып барып койгон. Иран бийликтери Индиянын кемелери Перс булуңундагы Иранга таандык сууларды булгайт деп, маал-маал даттанып жүргөн.

АКШ Жаңы Делден Ирандан кара май сатып алууну азайтууну талап кылгандан кийин, Индия Тегерандан мунай экспорттоону кыскарткан. Улуттар Уюму жана Батыш мамлекеттери Ирандын ядролук программасы атомдук бомбаны жасоону көздөйт деп шектенип, Тегеранга каршы экономикалык санкция киргизген.

XS
SM
MD
LG