Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Ливанда бомба чабуулунан 18 адам өлдү


Ондогон адамдар жараат алды. “Хезболла” уюмунун маалымдашынча, автомобилге коюлган бомба бейшемби күнү шиит согушчан тобунун Бейруттун четиндеги маалесинде жардырылган. Бейруттун Рами деген тургуну:

-Кечээки жардыруу-бул наадандык. Набыт болгондордун айыбы эмне? Алар эми гана жашоонун кумарын сезип, балдарын бапестей баштаuан эле. Биз бул жерден чарчадык. Эки жак тең тойду. Бул азаптын тез бүтүшүн каалайбыз,-дейт.

Сунни согушчандары 15-августтагы кандуу булоон үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Бул окуя босоголош Сириядагы жарандык согуш Ливандагы кырдаалды катаалдантууда деген чочулоону күчөтүүдө. Июлда Бейруттун чет жагында болгон жардыруудан 50дөн ашуун адам жараат алган. Жыл башында Хезболланын аскерлери Сирияга кирип, президент Асаддын өкмөтү тарапта согуша баштаганда сириялык сунни адаватчылар хезболлачыларга Ливанга барып сокку урарын эскерткен болчу.

XS
SM
MD
LG