Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Бишкекте Кумтөр боюнча сүйлөшүү башталды


Бүгүн “Центерра Голд” компаниясынын өкүлдөрү, юрист кеңешчилери менен өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ортосунда эки тараптуу сүйлөшүү башталганын премьер-министрдин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин өкмөт башчы “Кумтөр Оперейтинг” жана “Кумтөр Голд” компанияларын бириктирип бир ишкана түзүү, “Центерра голддун” директорлор кеңешине эки тараптан теңме-тең мүчөлөрдү дайындоо боюнча макулдашылганын билдирген болчу. “Учурда Кыргызстан менен “Центерра Голддун” ортосундагы акциялардын катышы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”,-деп билдирген Сатыбалдиев.

Жогорку Кеңеш жазында Кумтөр кениндеги абалды талкуулагандан кийин "Центерра голд инк.” компаниясы менен сүйлөшүү үчүн кыргыз өкмөтүнө үч ай берген. Кийин бул мөөнөт күзгө чейин узартылган.

Кендин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия 2009-жылы “Центерра” менен өкмөт ортосунда түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет деген тыянак менен аны бузууну сунуштаган болчу.(JAk)

XS
SM
MD
LG