Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

"Дордой" базарынан ала качылган кыз үйүнө келди


Бул туурасында “Азаттыкка” кыздын апасы Элмира Досуева билдирди.

"Дордой" базарынын коопсуздук кызматында иштеген жигиттер 21 жаштагы студент кыз Айжан Абдухакимованы ала качып кетишкен. Окуя 17-августта болгон. Бирок кыз олтурбай, үйүнө качып келген. Апасынын айтымында, кызынын денеси сыйрылып, колдору көгөрүп калган. Элмира Досуева окуя боюнча Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылганын, ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.(AzK)

XS
SM
MD
LG