Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

“Дордой” менен “Алай” финалда беттешет


Футболдон өлкө кубогунун финалына чыккан командалар кечээ аныкталды. Баш байге үчүн “Дордой” жана Оштун “Алай” командалары 31-августта беттешмей болду.

Кечээ кечинде “Дордой” клубу Канттын “Абдыш-Ата” командасын 1:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Жеңиштүү топту Дэвид Тетте киргизди.

Ош шаарында өткөн жарым финалдык беттешүүдө да “Алай” командасы Бишкектин “Алгасын” 1:0 эсебинде утуп, баш байгеге талапкердин бири болду. Оюндун акырында гана оштук чабуулчу Муралим Ахмедов командасын алдыга сүрөп чыкты. (КМа)

XS
SM
MD
LG