Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Орусия менен Пакистандын кызматташтыгы талкууланат


Бүгүн Москвада Орусия жана Пакистандын жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталат. Пакистандын делегациясын тышкы иштер министри Жалил Аббас Жиланы жетектеп келет. Сүйлөшүүлөр саясий, экономикалык, аскердик-техникалык жана аймактагы коопсуздук маселелери боюнча жүрмөкчү.

Талдоочулар бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы мамилени чыңдашы мүмкүн экенин айтышууда. Ага ылайык, Орусия Пакистандын Шанхай кызматташтык уюмуна туруктуу мүчөлүккө кабыл алууга жардам берсе, Пакистан Орусияны Ислам кызматташтык уюмуна байкоочу катары өткөрүүгө көмөк көрсөтүшү мүмкүн. Акыркы жылдары эки мамлекет коргоо жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG