Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Кытайда химиялык зат агып, 15 киши каза тапты


Мамлекеттик “Синьхуа” агенттиги билдиргендей, окуя бүгүн эртең менен Шанхайдагы заводдун муздаткыч кампасында болгон.

Деңиз азыктарын өндүрүүчү компанияга караштуу кампадан аммиак затынын агып кетишинен улам 15 адам каза тапкандан тышкары, 26 киши сыркоолгон.

Авариянын себептери белгисиз. Жергиликтүү гезиттердин биринин интернет сайтындагы сүрөттөргө караганда, кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчү машиналар да келген.

Коопсуздук жана курулуш эрежелеринин начардыгынан улам Кытайда өндүрүштүк авариялар кеңири тараган көрүнүш. (UE)

XS
SM
MD
LG