Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Иракта депутаттардын маянасынан, пенсиясынан улам нааразылык тутанды


Майсан шаарындагы демонстрация. 31-август, 2013-жыл.
Майсан шаарындагы демонстрация. 31-август, 2013-жыл.
Буга байланыштуу ишемби күнү борбор Багдад жана башка шаарлардагы демонстрацияларга жүздөгөн адам чогулду.

Демонстрациялар жумушсуздук күч жана калктын басымдуу бөлүгүнүн кирешеси аз өлкөдө депутаттар менен парламент кызматкерлерине айына миңдеген доллар маяна, пенсия берилип жатканы боюнча кыжырдануу коомдун кеңири катмарына жайылганын ачыктады.

Ишемби күнү полиция демонстранттардын жолун тороп, алар мурда жарыялаган жерлерге жетишине жолтоо кылды. Коопсуздук күчтөрү журналисттердин да демонстрацияларды чагылдырышына тоскоолдук жасашты.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Саад Ибрагимдин айтымында, коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү демонстранттарды коргоо менен байланыштуу. Анткени бийликтер демонстранттардын арасына жанкечтилер кирип алып, жардыруу жасайбы деп кооптонушууда. (UE)

XS
SM
MD
LG