Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 18:39

Ак-Буура дарыясына агып кеткен адамды издөө токтотулду


Оштогу Ак-Буура дарыясына чөгүп кеткен 23 жаштагы Ш.Абидиновду издөө иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

26-август күнү кечке маал Кара-Суу районунун аймагында, Ош-Папан-Кожо-Келен жолунун 70-чакырымында “Фольскваген-Гольф” унаасы дарыяга түшүп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары ошол эле күнү суудан унааны алып чыгышкан бирок ээси табылган эмес. Издөө иштери качан улантылары азырынча белгисиз. (SE)

XS
SM
MD
LG