Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Чек арада күйүүчү май жүктөгөн вагондор топтолууда


Кыргыз-өзбек чек арасында күйүүчү май жүктөлгөн жүздөн ашуун вагон турганы кабарланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медет Керимкулов билдирди. Анын айтымында, жүк Орусиядан Өзбекстан аркылуу келаткан.

Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн өкүлү Сажира Чоколоева кармалып турган вагондор жөнүндө маалымат түшө электигин билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Абдимуктар Маматов дагы кыргыз-өзбек чек арасында күйүүчү май жүктөгөн 200 чамалуу вагон Кыргызстанга 22-августтан бери кире албай турганын айткан болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG