Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Жалал-Абаддагы жаңы бала бакча курулушуна дагы үч миллион сом керек


Жалал-Абад шаарында ушул тапта курулуп жаткан “Алтын-Бешик” бала бакчасына шаардык бюджеттен 24 миллион, өкмөттөн 3 миллион сом бөлүнгөн. Бакчанын толук куруп бүткөрүү үчүн дагы 3 миллион сом зарыл.

Шаарда азыр 20 бала бакча иштейт. “Алтын-Бешик” бакчасы ачылса, шаардагы балдардын 37 пайызы бакча менен камсыз болмокчу.

Бүгүн Жалал-Абадда иш сапар менен жүргөн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бакчанын курулушу менен таанышат. (AzK/YA)

XS
SM
MD
LG